Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-январы №10
Айыл аймактагы ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен Тоӊ райондук суу тармактар башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө 2025-жылдын 15-августундагы №72 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренеси, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыровдун маалыматын угуп, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу, Төрт-Күл, Эшперов, Ак-Сай, Көк-Сай, Жер-Үй айылдарындагы муниципалдык менчиктеги 1,2-ирээттеги ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдары Тоӊ райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгөмакулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
Тѳрага М.Жунушалиев