Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IX СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-ж. 28-август №53
Кара-Шаар айылындагы «Каракоо» участогунан 1,50 га жер участогун муниципалдык менчикке алуу жана категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө.
Улахол айыл аймагынын айылдык Кенештин сессиясы Кара-Шаар айылындагы «Каракоо» участогунан 1,50 га жер участогун муниципалдык менчикке алуу жана категориясын которууга макулдук берүү боюнча К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кара-Шаар айылындагы «Каракоо» участогунан 1,50 га жер участогун
муниципалдык менчикке алуу жана категориясын которууга макулдук берилсин.
2. Кара-Шаар айылындагы «Каракоо» участогунан 1,50 га жер участогун
муниципалдык менчикке алуу жана категориясын которууга макулдук берүү боюнча иш жүргүзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 28-августундагы № 53 - токтомун
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык
менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынына калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев