Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IX СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-ж. 28-август №55
АЧМФ жерлерин ижарага берүү комиссиясынын курамын кайра кароо жана бекитүү жөнүндө.
Улахол айыл аймагынын айылдык Кенештин сессиясы АЧМФ жерлерин ижарага берүү комиссиясынын курамын кайра кароо жана бекитүү боюнча С.Мусаевдин билдирүүсүн жана жер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Улахол айылдык Кеңешинин депутатарынын 9 чакырылышынын 5-сессиясынын
№33 токтому менен түзүлгөн АЧМФнын жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы жокко чыгарылсын.
2. АЧМФ жерлерин ижарага берүү комиссиясынын курамын кайра каралып
төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
У. Акатов., Касымбек уулу С., Таалайбек кызы К., Эшеналиев Э., Орускожоев Ж., Калыков Т., Жээнтаев И., УАРдын өкүлү, ар бир айылдын башчысы ошол айылдын жерин кароодо катышат.
3. Түзүлгөн комиссияга өз ишмердүүлүктөрүндө мыйзам талаптарын толук сактоо
менен иш алып баруу милдеттендирилсин.
4. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 28-августундагы № 55 - токтомун
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык
менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев