Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IX СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-ж. 25-ноябрь №69
Шор-Булак айылында спорт комплексин куруу үчүн 1,50 га жер аянттын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө.
Шор-Булак айылындагы жаңы салынып жаткан бала бакчанын түндүк тарабынан спорт комплексин куруу үчүн 1,50 га жер аянттын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү боюнча Улахол айыл өкмөтүнүн жер, жер ресурстары өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис К. Соконовдун маалыматын жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шор-Булак айылындагы жаңы салынып жаткан бала бакчанын түндүк тарабынан спорт комплексин куруу үчүн 1,50 га жер аянттын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Шор-Булак айылындагы жаңы салынып жаткан бала бакчанын түндүк тарабынан спорт комплексин куруу үчүн 1,50 га жер аянттын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү боюнча иш кагаздарын бүткөрүү жер, жер ресурстары өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис К. Соконовго жүктөлсүн.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 25-ноябрь №69 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев