Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IX СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-ж. 25-ноябрь №70
Оттук айылынын (ген. планына) эскиздик системдик планына
өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Оттук айылынын (ген. планына) эскиздик системдик планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү боюнча Улахол айыл өкмөтүнүн жер, жер ресурстары өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис К. Соконовдун маалыматын жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оттук айылындагы борбордук мечит жайгашкан М.Чормонов көчөсүнүн мечиттин курулушу турган бөлүгүн түндүктү көздөй жылдырып Оттук айылынын (ген. планына) эскиздик системдик планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Оттук айылынын (ген. планына) эскиздик системдик планына борбордук мечит жайгашкан участогунда ПЗУнун негизинде өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жер, жер ресурстары өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис К. Соконовго жүктөлсүн.
3.Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 25-ноябрь №70 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев