Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы № 01-4/5
Кожомкул айылынын Көрүстөнүнө башка жактан келген жарандарга тыю салуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын 123-Мыйзамына ылайык жана Социалдык маселелер саламаттык сактоо билим берүү комиссиясынын корутундусуна ылайык Кожомкул айылдык кеңеш, токтом кылат:
1. Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги №01-5/17 токтому күчүн жоготсун.
2. 2026-жылдын 1-февраль айынан тартып Кожомкул айыл аймагында каттоосу жок жашабаган жарандарга көрүстөндөн жай берүүгө тыю салынсын.
3. Кожомкул айыл аймагында көп жылдан бери каттоосу жок жашаган жаран болсо, коңшуларынан жана айылдын депуттары менен далилдеген тиешелүү иш-кагазынын негизинде уруксат берилет.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылы айыл өкмөт башчысы Э.О.Сартпаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |