Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы № 01-4/4
Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн Төлөгөн Касымбеков атындагы жалпы билим берүү мектебин Кожомкул айыл өкмөтүнүн балансына муниципалдык мектеп катары өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, жана 39-беренелерине ылайык,
Кожомкул айылдык кеңеш, токтом кылат:
1. Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн Төлөгөн Касымбеков атындагы жалпы билим берүү мектебин, Кожомкул айыл өкмөтүнүн балансына муниципалдык мектеп катары өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жоопту катчысы М.Кубановага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлдөөмө калтырам.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |