Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы № 01-4/2
Кожомкул айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2027-2028-жылдарга киреше бөлүгүн болжолдуу долбоорун бекитүү
Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысынын бидирүүсү боюнча 2026-жылдын жергиликтүү бюджети менен атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча угуп,талкуулап чыгып жана Каржы муниципалдык мүлк комиссиясынын корутундусунун негизинде
Кожомкул айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кожомкул айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору 2027-жылга 77526,4 миң сом, атайын каражаттар 7000,0 миң сом.
2. Кожомкул айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору 2028-жылга 84775,4 миң сом, атайын каражаттар 7000,0 миң сом.
3. Кожомкул айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата киреше боюнча 70896,2 миң сом жана атайын каражатынын кирешеси 7000,0 миң сом бюджети бекитилсин (№1тиркеменин негизинде)
4. Кожомкул айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата чыгашасы боюнча 70896,2 миң сом жана атайын каражатынын кирешеси 7000,0 миң сом бюджети бекитилсин. (№2 тиркемеге ылайык)
5. Кожомкул айыл өкмөтүнүн кызматтык орундарынын түзүмү жана штаттык жалпы саны 21 кызматкер, жылдык эмгек акы 70111 ст.2111. 8147,2 миң сом, ст 2121. 1097,4 миң сом бюджети бекитилсин (шаттык тиркеменин негизинде)
6. Кожомкул айылдык кеңешинин кызматтык орундарынын түзүмү жана жалпы саны 2 кызматкер,жылдык эмгек акы 70111 ст.2111. 993,0 миң сом, ст.2121. 125,7 миң сом бюджети бекитилсин. (штаттык тиркеменин негизинде)
7. Республикалык бюджеттен берилген ыйгарым укутары үчүн алынган 2026-жылдын ичиндеги алынган каражаттар багыттуу пайдалансын.
8. Ашыка түшүүлөрдөн түшкөн кирешеге, коомдук жана маданий иш-чаралары үчүн, айылдын турак жай- комуналдык муктаждыктарын жакшыртуу,инфраструктураны жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык жардам берилсин.
9. Өзгөчө кырдаалга 200,0 миң сом каражаты бекитилсин.
10. Айыл өкмөт башчысына бекитилген бюджетке ылайык бөлүмдөр ичинде статьялардан статьяга ыкчам муктаждыктарына карата акча каражаттарынын жылдырып тууралап жүргүзүсүнө укук берилсин.
11. Кожомкул айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү долбоорун 2026-жылга кылына турган иштери боюнча тийиштүү жана тастыктоо иш-кагаздары менен бекитилсин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кожомкул айылдык кеңешинин Каржы комиссиясына жүктөлсүн.
13.Ушул токтомдун аткарылышы Кожомкул айылдык кеңешинин башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |