Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IX СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-ж. 17-декабрь №73
Кара-Талаа айылынын “Ак-Булуң” участогунан 3,0 га жер аянтын
муниципалдык менчикке алууга жана өнөр жайы категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө.
Кара-Талаа айылынын “Ак-Булуң” участогунан 3,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана өнөр жайы категориясына которууга макулдук берүү боюнча Улахол айыл өкмөтүнүн жер, жер ресурстары өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Соконовдун маалыматын жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Талаа айылынын “Ак-Булуң” участогунан 3,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана өнөр жайы категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кара-Талаа айылынын “Ак-Булуң” участогунан 3,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана өнөр жайы категориясына которууга макулдук берүү боюнча иш кагаздарын бүткөрүү жер, жер ресурстары өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис К. Соконовго жүктөлсүн.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы №73 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев