Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-декабры № 01-5/55
Кожомкул айыл аймагынын аймагында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин берүү нормасын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Кожомкул айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кожомкул айыл аймагынын аймагында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин берүү нормасы белгиленсин.
2. Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү нормасы Жеке турак жай курулушунун документтерине ылайык аныкталат жана 0,04 гектардан кем болбоого тийиш.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык органына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Кожомкул айылдык кеңешинин Жер агрардык маселелер,кыймылсыз мүлк, өнөр жай транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |