Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-ноябры № 01-5/52
Военно-Антоновка жалпы билим берүү мектебин атын өзгөртүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №519 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-марты №159 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомуна ылайык.
Кожомкул айылдык кеңеши чечим кылат;
ТОКТОМ:
1. Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-августундагы №01-5/35 Токтому жокко чыгарылсын.
2. Военно-Антоновка жалпы билим берүү мектеби “Турдакун Усубалиев атындагы жалпы билим берүү мектеби” деп аталсын.
3. Кожомкул айыл өкмөтү мектептин атын атоо боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш алып барсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |