Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-октябры № 54/8-29
Сын-Таш айыл аймагын өнүктүрүү жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын жашоочууларынын кайрылууларынын негизинде жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруу максатында, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Тельман айылындагы Э.Мияров атындагы маданият үйүнүн имаратына капиталдык ремонт жүргүзүү үчүн, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан 1241,017 миң сом өздүк салым каралсын.
2. Тельман айылына мини футбол талаасын куруу үчүн, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан 2039,142 миң сом өздүк салым каралсын.
3. Ж.Алыбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин имаратына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан 1184,444 миң сом өздүк салым каралсын.
4. Жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Чүй областынын өнүктүрүү фондуна, Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондуна жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу дем берүүчү грантка кайрылуу жасалсын.
5. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Кучкачев |