Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-кезектүү сессиясы
2026-жылдын 6-февралы № 4
Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
кайрак жерлер үчүн баа коюу жөнүндө
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 16-январындагы №01-18/96 катына ылайык,Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт категориясынан трансформация болуп кайрак айдоо жерлерине которулган 1577,9 га жер аянтын өздөштүрүүдө баа коюу жөнүндө Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт категориясынан трансформация болуп кайрак айдоо жерлерине которулган 1577,9 га жер аянтын өздөштүрүүдө 1 га үчүн коюлган баасы 2500 (эки мин беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ботояровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мамырбаев |