Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-октябры № 57/8-29
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетин республикалык трансферттин негизинде көбөйтүү жана чыгаша бөлүгүн аткаруу жөнүндө
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетин республикалык максаттуу трансферттин (жер салыгын жоготуунун жана транспарттук каражаттарга салык) негизинде көбөйтүү жана чыгаша бөлүгүн аткаруу үчүн, Сын-Таш айыл кеңеши токтом кабыл алат:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү республикалык трансферттин негизинде 4598,6 миң сомго көбөйтүлсүн, анын ичинен (юридикалык жактардын салыгы 2855,6 миң сом, транспорттук каражаттардын салыгы- 1743,0 миң сом);
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү Мектеп бөлүмүнүн 3111 беренеси боюнча, Жетиген айылындагы мектепке өздүк салым катары 2000,0 миң сом бөлүнсүн;
-3112 беренеси боюнча 2598,6 миң сомго мектептерге эмерек алууга жумшалсын.
3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ф.Ысманалиевага жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Ш.Кучкачев |