Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-кезектүү сессиясы
2026-жылдын 6-февралы № 6
Учкун айыл аймагындагы ”Жылан-Арык-Алтын” бала бакчасынын балдарынын тамагына төгүлүүчү акча каражатын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”Мыйзамынын 28-беренесинде көрсөтүлөн,мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну.уюштуруу тартиби жөнүндөгу 4-пунктунун 6-подпунктунун негизинде ,Учкун айылдык кенешинин 8-кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”Мыйзамынын 28-беренесинде көрсөтүлгөн,мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу тартиби жөнүндөгү 4-пунктунун 6-подпунктунда ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырыла тургандыгына байланыштуу, 2025-2026-окуу жылында ”Жылан-Арык-Алтын”бала бакчаларындагы балдардын тамагына төгүлүүчү акча каражаты айына 1200 (бир мин эки жъз) сом болуп бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы А.Ж.Ботояровго жана бала бакчанын жетекчиси А.Ниязовага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өтөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Мамырбаев |