Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-декабры № 59/9-29
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги эсебинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги эсебинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү боюнча, Сын-Таш айыл Кеңеши токтом кабыл алат:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги эсебинин киреше бөлүгү 3330,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
- киреше салыгы 2000,0 миң сом, төлөм коду 11111100;
- жер алдындагы металл эмес казуулар 500,0 миң сом, төлөм коду 114623;
- ичүүчү суу катары бөтөлкөлөргө куюлуучу минералдык жана пресстелген суулар 330,0 миң сом, төлөм коду 11462410;
- жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого каражат бөлүү 500,0 миң сом, төлөм коду 14511400;
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги эсебинин чыгаша бөлүгү 3330,0 миң сомго көбөйтүлсүн;
- АУП бөлүмүнүн 2215 беренеси боюнча 40,3 миң сомго архитектуралык докуметтерди каттоо үчүн көбөйтүлсүн;
- ЖКХ бөлүмүнүн 3112 беренеси боюнча 860,0 миң сомго Кызыл-Арык айылына балдар аятчасына инвентарь алууга көбөйтүлсүн;
- Мектеп бөлүмүнүн 3112 беренеси боюнча 2429,7 миң сомго эмерек (парта,стул) алууга көбөйтүлсүн;
4. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ф.Ысманалиевага жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Ш.Кучкачев |