Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-декабры № 62/9-29
Раисат Абдыжаловна Алымбековага “Сын-Таш айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Сын-Таш айыл кеңешинин 21.01.2022-жылдын №39/5-28 (Сын-Таш айыл аймагына «Ардактуу атуул» наамын киргизүү жөнүндө) токтомунун негизинде, Сын-Таш айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкондугу үчүн, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Ысык-Ата курортунун тургуну Раисат Абдыжаловна Алымбековага “Сын-Таш айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Тиешелүү жобонун негизинде Р.А.Алымбековага “Сын-Таш айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына тиешелүү, төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д.Асановго жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Ш.Кучкачев |