Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-декабры № 66/9-29
Ысык-Ата курортундагы жалпы билим берүү негизги мектебине Байдылдаев Курманбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ысык-Ата айылынын жалпы билим берүү негизги мектебинин эмгек жамаатынын 2025-жылдын 29 октябрь № 3 протоколунун негизинде жана Байдылдаев Курманбектин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында, Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылынын жалпы билим берүү негизги мектебине Байдылдаев Курманбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары мектептин аталышы «Байдылдаев Курманбек атындагы Ысык-Ата курортунун жалпы билим берүү негизги мектеби» деп аталсын.
3. Мектептин директору А.Жумакадыровага:
Ø Мектептин Уставына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
Ø Юстиция органдарынан кайра каттоодон өткөрүлсүн;
Ø Мектептин мөөрүн, штамптарын жана расмий бланктарын жаңы аталышка ылайык алмаштыруу иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Ш.Кучкачев |