Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралындагы № 67/10-29
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесине ылайык, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асанов 2026-жылга карата бюджетти бекитүү маалыматын угуп жана талкуулап, Сын-Таш айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2026-жылга – 49662,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинде теңдөө гранттары – 13108,9 миң сом, эркин калдыктагы жүгүртүүлөр боюнча негизги эсеп – 6002,6 миң сом, жалпы атайын эсептин эркин калдыгы –121,0 миң сом.
- киреше бөлүгүндөгү бюджеттик каражаттар боюнча – 49662,6 миң сом;
- 2026-жылга карата чыгашалар жагынан -49662,6 миң сом;
Анын ичинен бөлүмдөр боюнча:
- Социалдык камсыздандыруу – 3150,0 миң сом;
- ЖКХ – 11760,3 миң сом;
-Мектеп – 9529,6 миң сом;
- Балдар бакчасы – 2283,0 миң сом, анын ичинен негизги эсеп-614,0 миң сом, атайын эсеп-1669,0 миң сом;
-жайыт комитети – 160,0миң сом (Кыргыз Республикасынын жайыт жөнүндө мыйзамынын 11чи беренесине ылайык – жайыт каражаттарын пайдалануунун 1/3 бөлүгүн Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралсын).
-АУП- 17031,4 миң сом, анын ичинен резервдик фонд-300,0 миң сом жана эмгек келишимдин негизинде, жалпысынан 12 кызматчы, анын ичинен 7 айыл башчысы. Жалпы эмгек акы жана социалдык фонд төлөмү 6093,0 миң сом;
-Китепкана – 832,5 миң сом штаттык таблицага ылайык бекитилсин;
- Клуб – 4109,2 миң сом штаттык таблицага ылайык бекитилсин;
- Спорт – 806,6 миң сом штаттык таблицага ылайык бекитилсин;
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу бекитилсин:
- 2027-жылга киреше жана чыгашалар божомолу – 41986,3 миң сом. Теңдөөчү грант-11618,1 миң сом.
- 2028-жылга киреше жана чыгашалар божомолу – 41986,3 миң сом. Теңдөөчү грант-11618,1 миң сом.
3. 2026-жылга айылдык бюджеттин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, ал эми биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр) жүзөгө ашырылаары белгиленсин. Штаттын санына жана кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга байланыштуу чыгымдардын корголгон беренелери кыскартылышы мүмкүн.
4.ФЭОнун жетекчиси жергиликтүү бюджетти аткаруу процессинде киреше бөлүгү ашыкча аткарылган учурда бул каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан социалдык маселелерди чечүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашырууга жумшалышын камсыз кылсын, республикалык жана мамлекеттик программалар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдору, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына убактылуу финансылык жардам көрсөтүү, башка сатып алуулар жана чыгашалар жүргүзүлсүн.
5.Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү – 45790,5 миң сом, теңдөөчү грант – 4424,6 миң сом, республикалык бюджет – 5401,0 миң сом жана чыгашалар – 51883,3 миң сом суммасында отчет бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Ш.Кучкачев |