Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 26-февралы № 113-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 113-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Мисир Араб Республикасынын жарандары - дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотула тургандыгы каралган.
Макулдашууну ратификациялоо ишкердик мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын - дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлеринин Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.
Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
2025-жылдын 31-октябрында Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 931-т тескемеси менен жактырылган.