Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралындагы № 71/10-29
Сын-Таш айыл аймагынын 2026-жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 2 пунктуна ылайык, “Сын-Таш Таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т.Чоткараев 2026-жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кабыл алат:
1. Сын-Таш айыл аймагынын 2026-жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Ш.Кучкачев |