Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралындагы № 73/10-29
Сугат суунун ирригацияларын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна ылайык Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сын-Таш айыл аймагында жайгашкан сугат суу тармактарын, анын ичинен БСР, ички жана сырткы чарба арыктары Ысык-Ата райондук сугат суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Ш.Кучкачев |