Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-ж. 17-декабрь №75
Кара-Шаар айылынын Кара-Коо участкасына социалдык обьектилерди курганга 1,5 га жер участогун берүү жөнүндө.
Кара-Шаар айылынын Кара-Коо участкасына социалдык обьектилерди курганга 1,5 га жер участогун берүү боюнча Улахол айыл өкмөтүнүн жер, жер ресурстары өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Соконовдун маалыматын жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчикмаселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шаар айылынын Кара-Коо участкасына социалдык обьектилерди курганга1,5 га жер участогун берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Шаар айылынын Кара-Коо участкасына социалдык обьектилерди курганга1,5 га жер участогун берүү боюнча иш кагаздарын бүткөрүү жер, жер ресурстары өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис К. Соконовго жүктөлсүн.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы №75 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчикмаселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Бейшеев