Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХIV СЕССИЯСЫНЫН
Т О К Т О М
2026-ж. 22-январь №81
Айыл өкмөттүн штаттык түзүмүнө өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Айыл өкмөттүн штаттык түзүмүнө өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү боюнча айыл өкмөт башчысы И. Жээнтаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн штаттык түзүмүнө өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин:
- Айыл чарба, мал чарбачылыгы жайыт жана ирригация маселелери боюнча адиси кызмат орду- Ветеринария, мал чарбачылыгы жана жайыт боюнча адис болуп өзгөртулсүн.
2. Контрактык негизде төмөндөгү кызмат орундары киргизилсин:
- Статист-экономист жана инвестиция тартуу боюнча.
- Жер жана ирригация маселелери боюнча.
- Өзгочө кырдаалдар жана Кара-Талаа айылынын башчысы кызмат орундары.
3. Жогорудагыдай өзгөртүлгөн түзүмгө ылайык кызматкерлердин квалификациялык талаптарын иштеп чыгуу, кызматкерлерди кабыл алып, аларга тиешелүү эмгек маяналарын төлөп берүү жагы айыл өкмөтүно милдеттендирилсин.
4. Улахол айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 22-январындагы №81 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага К.Бейшеев