Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 4-февралы №158
Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон авто жолунун 57+300 чакырымдагы №324, №374, №375 контуру, “Кара-Сай” участогундагы жалпы аянты 24 га жана сол тараптагы 49+600 чакырымындагы №61 контуру, “Саз” участогундагы жалпы аянты 0,39 га жер аянтына келишимдин негизинде макулдук берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнанын кайрылуусунун негизинде, Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон авто жолунун 57+300 чакырымдагы №324, №374, №375 контуру, “Кара-Сай” участогундагы жалпы аянты 24 га жана сол тараптагы 49+600 чакырымындагы №61 контуру, “Саз” участогундагы жалпы аянты 0,39 га жер аянтына келишимдин негизинде макулдук берүү боюнча Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон авто жолунун 57+300 чакырымдагы №324, №374, №375 контуру, “Кара-Сай” участогундагы жалпы аянты 24 га жана сол тараптагы 49+600 чакырымындагы №61 контуру, “Саз” участогундагы жалпы аянты 0,39 га жер аянтына келишимдин негизинде макулдук берилсин.
1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнага милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Д. Дастановго тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов