Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы
Т О К Т О М
2026-жыл 4-февралы №159
Ак-Терек айыл аймагындагы Кара-Коо айылындагы Батыркан кѳчѳсү менен Айтбаев кѳчѳсүнүн кесилишинде жайгашкан эски сельсоветтин имаратын конкурстун негизинде 5 жылдык мѳѳнѳтү менен ижарага берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнанын 2026-жылдын 30-январындагы №01-7-233 сандуу катынын негизинде, Ак-Терек айыл аймагындагы Кара-Коо айылындагы Батыркан кѳчѳсү менен Айтбаев кѳчѳсүнүн кесилишинде жайгашкан эски сельсоветтин имаратын конкурстун негизинде 5 жылдык мѳѳнѳтү менен ижарага берүүгѳ макулдук берүү боюнча Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы Кара-Коо айылындагы Батыркан кѳчѳсү менен Айтбаев кѳчѳсүнүн кесилишинде жайгашкан эски сельсоветтин имаратын конкурстун негизинде 5 жылдык мѳѳнѳтү менен ижарага берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Д. Дастановго тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов