Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 4-февралы №160
2026-жылдын 1-январына карата Ак-Терек айыл аймагынын бюджетинде калган акча каражатын кароо жөнүндө
1. Ак-Терек айыл аймагынын өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата бюджетте калган 3318,2 миӊ сом жана атайын каражаттар эсебинде калган 333,6 миң сом акча каражатын бѳлүштүрүлүшү жөнүндөгү маселе боюнча Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын Кеӊеши токтом кылат:
2. Ак-Терек айыл аймагына «Шумкар» оор жүк ташуучу автомашинасын алууга 2727,9 миң сом ЖКХнын 3112 беренесине, Ак-Эмгек-Тазалык ишканасына которуп берүүгө 590,3 миң сом ЖКХнын 2511 беренсине каралсын
3. Атайын каражаттар эсебинде калган 333,6 миң сом акча каражаты бала бакчалардын 2218 беренсине тамак аш сатып алуу үчүн каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык- экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов