Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 4-февралы №162
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылындагы айылдык клубду Маданият үйү кылып ѳзгѳртүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин тѳрагасынын орун басары А.А.Мамбетовдун билдирүүсүнүн жанаАла-Баш айылындагы айылдык клубдун клуб башчысы Т.Чүрѳковдун арызынын негизинде угулуп жана талкууланып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылындагы айылдык клуб ѳзгѳртүлүп Маданият үйү кылып ѳзгѳртүүгѳ макулдук берилсин.
1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнага жана Ала-Баш айылындагы айылдык клубдун клуб башчысы Т.Чүрѳковго милдеттендирилсин.
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.Кендирбаевага тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов