Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 4-февралы №165
Ак-Терек айыл аймагындагы зыянкечтерди зыянсыздаттыруу максатында, карышкыр аткан мергенчиге, аӊчыга 5000 сом сый акысы, чѳѳ аткандарга 2000 сом сый акыларын берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын сунушунун жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Н.Эркинбековтун билдирүүсүнүн негизинде угулуп жана талкууланып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагында зыянкечтерди зыянсыздаттыруу максатында, карышкыр аткан мергенчиге, аӊчыга 5000 сом сый акысы, чѳѳ аткандарга 2000 сом сый акысы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын Ак-Эмгек-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д.Содонбековго жана “Ак-Эмгек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайытынын адиси Б.Талиповго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов