Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы
Т О К Т О М
2026-жыл 4-февралы №166
Ак-Терек айыл аймагындагы айылдардын баардыгына ген.планын чийдирүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын сунушунун жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин орун басары А.Мамбетовдун билдирүүсүнүн негизинде угулуп жана талкууланып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы айылдардын баардыгына ген.планын чийдирүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Д. Дастановго тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов