Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22 январы № 44/XV– 2
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2026 – жылга бюджетин бекитүү жана 2027 – 2028 - жылдарга болгон болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “2026-жылга республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 102-беренесинин, 3- пунктуна ылайык, ошондой эле Кайыңды шаарынын мэриясынын 2026-жылга бюджетинин долбоорун, 2027-2028-жылдарга бюджетинин болжолун карап чыгып, бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча - 98108,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинен атайын эсеп - 5 410,0 миң сом.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2027–2028-жылдарга карата бюджетинин негизги параметрлеринин прогнозу жактырылсын.
3. Бюджеттин прогноздук долбоору: 2027-жылга – 99 108,5 миң сом, 2028-жылга – 100 108,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү төмөнкү салык жана төлөмдөрдүн эсебинен түзүлөрү аныкталсын:
- Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы – 80 647,0 миң сом
- Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 850,0 миң сом
- Кыймылдуу мүлккө салынуучу салык – 330,0 миң сом
- Кыймылсыз мүлккө салынуучу салык – 1 038,5 миң сом
- Үй-жай жанындагы жер тилкелерине салынуучу жер салыгы – 1 283,0 миң сом
- Айыл чарба багытында эмес жерлерге салынуучу жер салыгы – 8 120,0 миң сом
- Башка жер алдындагы суулар үчүн төлөмдөр – 64,0 миң сом
- Калктуу пункттарда таштанды чыгаруу үчүн жыйым – 150,0 миң сом
- Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуудан түшкөн киреше – 60,0 миң сом
- Калктуу пункттардагы жерлерди ижарага берүүдөн түшкөн төлөм – 70,0 миң сом
- Имараттар жана курулуштардын ижарасы үчүн төлөм – 20,0 миң сом
- Ишкердикти жүргүзүү үчүн жыйым – 66,0 миң сом
- Бардык кирешелер – 92 698,5 миң сом
- Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер (атайын эсеп) – 5 410,0 миң сом
БАРДЫГЫ: 98 108,5 миң сом.
5. 2026-жылга карата учурдагы чыгымдар бюджеттик классификациянын топтору боюнча төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- Мэриянын аппараты – 36 113,8 миң сом
- Мэрия алдындагы ММБ – 36 823,5 миң сом
- №1ҮДТ (саламаттык сактоо) – 100,0 миң сом
- «Каинда» муниципалдык футбол клубу – 4 358,5 миң сом
- Спорттук иш-чаралар – 636,4 миң сом
- Китепкана – 343,2 миң сом
- Маданият – 1 374,4 миң сом
- Билим берүү – 12330,7 миң сом
- Социалдык коргоо кызматтары – 618,0 миң сом
- Атайын эсеп – 5 410,0 миң сом
БАРДЫГЫ: 98 108,5 миң сом.
6. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу «Каинда» муниципалдык футбол клубунун штаттык санына кошумча 1 штаттык бирдик (тренер-методист) киргизилсин.
7. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде ай сайын 3 000 (үч миң) сом өлчөмүндө акы төлөө белгиленсин.
8. 2026-жылдын ичинде жактырылган инвестициялык долбоорлор боюнча кошо каржылоого (совкладга) макулдук берилсин.
9. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кайыңды шаарынын мэринин жергиликтүү каражаттардын эсебинен аппараттардын кызматкерлерине, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык маянасын жана үстөк акыларын белгилөө укугу сакталсын.
10. Бюджеттик мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине беш күндүк мөөнөттө бюджеттик жана атайын каражаттардын сметасын камсыз кылуу жана бөлүнгөн каражаттардын чегинде максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
11. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
12.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |