Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22 январы № 45/XV– 3
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025 – жылдын бюджетинин
бош калдыктарын колдонуу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын “2025-жылга карата Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин аткарылышы тууралуу” маалыматын угуп, 2025-жылдагы Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүнө акча каражаттарынын пландан тышкары түшүшүн эске алуу менен, бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын бюджетинин бош калган калдыктарын - 46294,9 миң сом өлчөмүндө төмөнкү иш-чараларды каржылоого пайдаланууга макулдук берилсин:
- Кайыңды шаарынын мэриясынын аппараты – 11784,0 миң сом;
- Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү – 2475,4 миң сом;
- Китепкана – 35,3 миң сом;
- Маданият – 110,2 миң сом;
- "Кайыңды Сервис” МИ сын субсидиялоо – 3000,0 миң сом.
- 2025-жылы көрсөтүлгөн иштер жана кызматтар боюнча кредитордук карыздар;
- калкты каттоо, Кайыңды шаарынын мэриясынын, Кайыңды шаардык кеңешинин, Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн, Кайыңды шаарынын китепканасынын кызматкерлерине сый акы берүү, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, шаардык кеңештин төрагасынын эмгек акысы.
- билим берүү “Улыбка” балдар бакчасы – 28890,0 миң сом, анын ичинде: (2025-жылдын кредитордук карыздары – 12 000,0 миң сом).
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы бюджетинин атайын эсебинин бош калдыктарын - 1357,6 миң сом өлчөмүндө төмөнкү иш-чараларды каржылоого пайдаланууга макулдук берилсин:
- Балдар бакчалары үчүн азык-түлүк продуктулары жана чарба товарларын сатып алуу боюнча кредитордук карыздар – 944,7 миң сом.
- Кайыңды шаарынын мэриясынын ММБ боюнча – көмүр, чарба товарларын жана атайын кийим-кечелерди сатып алуу – 412,9 миң сом.
3.Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |