Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22 январы № 46/XV– 4
Кайыңды шаарындагы бала-бакчалардын тамак-ашына ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө
Кайынды шаарынын бала бакчаларынын жетекчилеринин “Кайыңды шаарындагы бала-бакчалардын тамак-ашына ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып, азык-түлүк товарларынын жогорулашына байланыштуу, ошондой эле Кайынды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1.2026-жылдын 01 - февралынан тартып Кайыңды шаарындагы бала-бакчалардын тамак-ашына ата-энелердин төлөмү бир балага 80 сомдон 100 сомго жогоруласын.
2.Кайынды шаардык кеңешинин 2021-жылдын 25 - августундагы № 10/III-2 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |