Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22 январы № 49/XV– 7
Кайыңды №3 жалпы билим берүү орто мектебине Ишеналы Арабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин тубөлүккөө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө” Жобонун негизинде, Кайынды шаарынын мэриясынын “Кайыңды №3 жалпы билим берүү орто мектебине Ишеналы Арабаевдин ысымын ыйгаруу боюнча сунушту карап берүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып” , Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды №3 жалпы билим берүү орто мектебине Ишеналы Арабаевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |