Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 10/2
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылдан үнɵмдɵлгɵн акча каражатынын (превышение) долбоорун бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана айыл ɵкмɵтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн башчысы К.Ибраимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгашасынан ашкан жалпы 4266612,55 сом мунун ичинен бюджеттик каражат 3888137,49 сом атайын каражаттан 378475,06 сом, анын ичинен бала бакчалардын тамак-аш чыгымдарына 297721,78 сом, АУПка атайын каражаттан 8753,28 сом акча каражаты тɵмɵндɵгүдɵй беренелерге бɵлүнсүн;
Бюджеттик каражаттан:
АУП ка
2215 беренеси боюнча- Куйручук-Кызарт айыл окмотундогу электр трансформаторлорун Жумгал РЭС мекемесине ɵткɵрүп берүү боюнча ар кандай кызмат кɵрсɵтүү акысы үчүн-96037,49 сом
3111 беренеси боюнча- Куйручук айылындагы кичи футболдук талаасын капиталдык ремонттон ɵткɵрүү (Газон) үчүн-1091800 сом
3111 беренеси боюнча- Куйручук айылына балдар аянтчасын куруу үчүн-500000 сом
3111 беренеси боюнча- Базар-Турук айылына балдар аянтчасын куруу учун-500000 сом
3112 беренеси боюнча- Жаны-Арык, Куйручук айылдарын видеокɵзɵмɵлгɵ алуу үчүн видеокамераларды алууга-600000 сом
Жалпы АУПка: 2787837,49 сом
Жайыт комитетине:
2215 беренеси боюнча-Жайыттын ар кандай чыгымдарына-8500 сом
Жалпы жайытка: 8500 сом
Билим берүүгɵ:
3111 беренеси боюнча-Солтонбеков мектебиндеги кичи футболдук талаасын куруу ( Газон) үчүн- 1091800 сом
Жалпы орто билим берүүгɵ: 1091800 сом
Атайын каражаттан:
2215 беренеси боюнча-Ар кандай чыгымдар үчүн-8753,28 сом
Атайын каражаттан
Бала бакчаларга
2218 беренеси боюнча- “Кызарт” б.б тамак-ашы үчүн -19359,20 сом
2218 беренеси боюнча- “Кызарт Таң Нуру” б.б тамак-ашы үчүн -50922,50 сом
2218 беренеси боюнча- “Кызарт Келечеги” б.б тамак-ашы үчүн - 83420 сом
2218 беренеси боюнча- “Акжолтой Апа” б.б тамак-ашы үчүн -27992,03 сом
2218 беренеси боюнча- “Балалык уясы” б.б тамак-ашы үчүн -116028,05 сом
Жалпы бала бакчаларга:297721,78 сом.
2. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кɵчүрмɵсү тиркемелери менен бирге Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |