Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 10/6
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылынан асфальт бетон заводун курганга жер аянтын трансформациялоого сунуштоо жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34-беренесинин жетекчиликке алып, Куйручук айылынан асфальт бетон заводун курганга жер аянтын трансформациялоого сунуштоо жɵнүндɵ Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн жерге жайгаштыруу, агрардык жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси Д.Дүйшɵналиевдинмаалыматын угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Жумгал районундагы Кызыл-Туу колхозунун (азыркы Куйручук-Кызарт айыл аймагы) “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасы тарабынан 1992-жылы аткарылган жерлерди инвентаризациялоо материалынын негизинде суралып жаткан №1043 контурундагы 27,4 га таштуу жайыт жерден 4 га, №1380 контурундагы 1 га жайыт жерден 0,16 га, №1381 контурундагы 4,4 га таштуу жайыт жерден 0,84 га, жалпы:5 га жер аянты асфальт бетон заводун куруу үчүн трансформациялоого сунушталсын.
2. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кɵчүрмɵсү тиркемелери менен бирге Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |