Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-марты № 178-т
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунда «Сокулук ГЭС-3» жана «Туюк ГЭС» чакан гидроэлектр станцияларын куруу жана эксплуатациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Сокулук ГЭС-3» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында жайгашкан Сокулук дарыясында жана анын куймаларында «Сокулук ГЭС-3» жана «Туюк ГЭС» чакан гидроэлектр станцияларын куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысына жогоруда аталган Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |