Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 6-марты № 01-25/64
Маалыматтарды бирдиктүү чогултууну уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.А. Касымалиевдин 2026-жылдын 6-февралындагы № 14-2933 тапшырмасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Агенттик) жөнүндө жобого ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборду жана борбордук мамлекеттик органдарды актуалдуу маалыматтар менен камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу процессин тартипке келтирүү максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан толтурулуп туруучу маалыматтардын бирдиктүү тизмеси (мындан ары – Маалыматтардын бирдиктүү тизмеси ) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Маалыматтардын бирдиктүү тизмесин жетекчиликке алып, ар айдын 5 числосуна чейин толтуруп, тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте киргизип туруу сунушталсын.
3. Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү тиркемедеги маалымат тизмесинин үлгүсүн жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына жеткирсин.
4. Агенттиктин санариптик өнүктүрүү бөлүмү Маалыматтардын бирдиктүү тизмесин бекитилген бирдиктүү тизмеге ылайык формада “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизсин.
5. Агенттиктин финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичиндеАгенттиктин веб-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
6. Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү кабыл алынган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде буйруктун электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Агенттиктин директорунун орун басары Б.З. Садировага жүктөлсүн.
Директордун милдетин убактылуу аткаруучу, директодун орун басары |
|
Р. А. Кубаталиев |
|
| Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 01-25/64 буйругуна
|
КЫРДААЛДЫК БОРБОР ҮЧҮН ЫКЧАМ МААЛЫМАТТАРДЫ ЧОГУЛТУУ МАКСАТЫНДА, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН ТОЛТУРУЛУУЧУ МААЛЫМАТТЫК БАЗАСЫ
№ | ЖӨБО аталышы | ЖӨБО жетекчиси/орун басары/ кызматкерлери тууралуу маалымат | ЖӨБО тууралуу маалымат
|
1. | (Мисал: облус, район, айыл өкмөт айылдын аталыштары) | (мисал: резюмеси, байланыш номерлери, жооптуу тармактары) | (мисал: айыл өкмөттүн структурасы, жалпы аянты, аймактын (айылдын) өзгөчөлүктөрү) |
2. Жерди пайдалануу боюнча маалымат
№ |
Жер категориясы менчиктин түрлөрү | Жалпы аянты
| Жерди колдонуу багыты
| Сугат
| Кайрак
| Жерди колдонуунун көрсөткүчтөрү
| Иштетилип жаткан
| Иштетилбей жаткан
| Негизги көйгөйлөр/себеби/
| Көйгөйлөрдү чечүү жолдору (сунуш) |
|
| |||||||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3. Калк жөнүндө маалымат
№ | Калктын жалпы катталган саны
| Калктын жалпы саны (факты түрүндө)
| Кожолук саны
| Эркек | Аял | Өспүрүмдөр |
Мигранттардын саны | Мигранттардын балдары | Калктын аярлуу катмары | Калктын социалдык абалы | Негизги көйгөйлөр/себеби/
| Көйгөйлөрдү чечүү жолдору (сунуш) | ||
0 жаштан 1 жашка чейин | 1 жаштан 3 жашка чейин | 4 жаштан 16 жашка чейи |
|
|
|
|
|
| ||||||
1. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4. Каржы-экономикалык көрсөткүч
№ | Жергиликтүү Бюджеттин жалпы көлөмү | Республика лык бюджеттен каржылоо гранттар | Каржылоо булактары | Киреше | Чыгаша | Каражаттарды эффективдүү колдонуудагы көйгөйлөр | Финэконом көрсөткүчтөр дү жакшыртууга багытталган негиздүү сунуштар | Кирешени жогорулатуу жолдору
|
1. |
|
|
|
|
|
|
|
|
№ | СЭӨП боюнча маалымат | Мамлекеттик стратегиялык, программаларга шайкеш келүүсү | СЭӨП аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булактары | СЭӨП ишке ашырылышынын абалы | Ишке ашыруудагы тоскоолдуктар жана негизги көйгөйлөр | Кошумча негиздүү сунуштар |
1. |
|
|
|
|
|
|
|
6. Калктын жумуштуулугу боюнча маалымат
№ | Ишке орноштурулган жарандардын саны | Жумушсуз калктын саны | Ишке орноштурууда активдүү чаралар менен камтылган жарандар | Жаңы түзүлгөн жумуш орундардын саны | Бош жумуш орундардын саны | Өткөрүлгөн бош жумуш орундар жарманкелеринин саны | Жумушсуздукту жоюудагы негизги көйгөйлөр | Жумушсуздукту жоюу боюнча негиздүү сунуштар |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|