Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №1
“Манас шаарындагы көчөлөрдүн аталыштары жөнүндө ”
Манас шаардык кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Манас шаарынын мэриясынынан келип түшкөн каттарды шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып жана Манас шаарынын мэри Э.Ормоковдун сунушун эске алып, Манас шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусундагы Кузнечная көчөсүнүн аталышы Арзыбаев Закир (лат. Arzybaev Zakir) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
2. Манас шаарынын Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусундагы Низами көчөсүнүн аталышы Карымшаков Абдыкадыр (лат. Karymshakov Abdykadyr) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
3. Манас шаарынын Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусундагы Базарная чакан көчөсүнүн аталышы Оморова Зулайка (лат. Omorova Zulayka) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
4. Манас шаарынын Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусундагы Пахта-Көчө көчөсүнүн аталышы Маматов Жоро (лат. Mamatov Joro) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
5. Манас шаарынын Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусундагы Дехканская чакан көчөсүнүн аталышы Калыбеков Сатар (лат. Kalbekov Satar) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
6. Манас шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Калинин көчөсүнүн аталышы Габитова Рима Давлятовна (лат. Gabitova Rima Davlyatovna) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
7. Манас шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Глинка көчөсүнүн аталышы Абдулатиф Ал Музайни (лат. Abdulatif Al Muzaini) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
8. Манас шаарынын Көк-Арт муниципалдык аймактык башкаруусундагы Ташкент көчөсүнүн аталышы Чойбеков Таирбек Орозбекович (лат. Choibekov Tairbek Orozbekovich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
9. Манас шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Курортный ключ көчөсүнүн аталышы Боронбаев Абдыкаар (лат. Boronbaev Abdykaar) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
10. Манас шаарынын Достук муниципалдык аймактык башкаруусундагы ВЛКСМ көчөсүнүн аталышы Абдылла уулу Чыйбыл болуш (лат. Abdylla uulu Chyibyl bolush) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
11. Манас шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
12.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
14. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |