Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №2
“Манас шаарындагы көчөлөрдүн аталыштары жөнүндө ”
Манас шаардык кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Манас шаарынын мэриясынынын 03.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/7668 сандуу каттын негизинде, Манас шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык кеңешинин 22-апрель 2025-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №12 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 8-пунктундагы “Долбоорлоо-15” деген сөздөн кийин “жана Долбоорлоо 8” деген сөздөр киргизилсин.
2. Манас шаардык кеңешинин 22-апрель 2025-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №10 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: “Манас шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Дмитрова (Димитрова) чакан көчөсүнүн аталышы Маматсабирова Уулкан (лат. Mamatsabirova Ulkan) чакан көчөсү болуп өзгөртүлсүн.”
3. Манас шаардык кеңешинин 20-ноябрь 2025-жылдагы кезексиз XIX сессиясынын №5 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пунктундагы “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин” деген сөздөргө өзгөртүлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |