Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №3
“Манас шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсү №6 дарегиндеги администрадивдик имаратындагы жыйын өтүүчү залын убактылуу ижарага берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө ”
Манас шаарынын мэриясынын 13.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/7177 сандуу катын Манас шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсү №6 дарегиндеги администрадивдик имаратындагы жыйын өтүүчү залын убактылуу ижарага берүү тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчисине (С.Эргешов) өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |
| Манас шаардык кеңешинин 08.12.2025-жылдагы кезектеги XX сессиясынын №3-токтомуна 1-тиркеме |
Манас шаарынын административдик имаратында жайгашкан жыйындар залын убактылуу ижарага берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Манас шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсү №6 дарегиндеги административдик имаратындагы жыйын өтүүчү залын жеке жана юридикалык жактарга убактылуу ижарага берүү тартибин, шарттарын жана талаптарын аныктайт.
1.2. №1- чоң жыйын залы 500 (беш жүз) орундуу; №2-жыйын залы 250 (эки жүз элүү) орундуу; №3-VIP тегерек залы 82 (сексен эки) орундуу; №4-кичи жыйындар залы 22 (жыйырма эки) орундуу. Жыйындар залы төмөнкү максаттар үчүн ижарага берилет: • Илимий-практикалык жыйындар; • Окуу семинарлары жана тренингдер; • Маданий жана коомдук иш-чаралар; • Жарандык коом өкүлдөрүнүн жыйындары.
1.3. №3-VIP тегерек залы 82 (сексен эки) орундуу залы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн, Манас шаарынын мэриясынын иш чараларына, Манас шаардык депутаттар кеңешинин сессияларын жана эл аралык маанилүү иш чараларды өткөрүү үчүн гана берилет.
1.4. Залдар төмөнкү максаттар үчүн ижарага берилбейт: • Саясий мүнөздөгү акциялар жана чогулуштар; • Динге үгүттөөчү иш-чаралар; • Жеке салтанаттар (концерт, той, маараке ж.б.у.с.); • Мыйзамга каршы аракеттерди камтыган иш-чаралар.
2. Ижарага берүү тартиби
2.1. Жыйындар залын ижарага алуу үчүн талапкер иш-чара өтө турган күндөн кеминде 5 (беш) жумуш күнү мурда Муниципалдык мүлк башкармалыгына жазуу түрүндөгү кайрылуу (арыз) менен кайрылууга тийиш.
2.2. Арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: • Ижара алуучунун толук аты-жөнү (же уюмунун аталышы); • Иш-чаранын темасы жана максаты; • Катышуучулардын саны; • Убактысы (башталышы жана аякташы); • Жооптуу адамдын аты-жөнү жана байланыш номерлери.
2.3. Муниципалдык мүлк башкармалыгы арызды 2 (эки) жумуш күнүнүн ичинде карап чыгат жана ижара берүү же четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2.4. Ижара келишими эки тараптын макулдугу менен жобого ылайык түзүлөт жана зал пайдаланууга берилет.
2.5. Жыйындар залы Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин төрагасынын, Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жеке катышуусу менен болгон иш-чаралары жана Манас шаардык депутаттар кеңешинин, Манас шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан уюштурулган маданий, коомдук иш-чараларын өткөрүүгө акысыз берилет. 3. Ижара акысы жана төлөм шарттары
3.1. Жыйындар залдардын ижара акысы Манас шаарынын жергиликтүү кеңеши менен макулдашулат жана бекитилет.
3.2. Ижара акысы иш-чара өтө турган күнгө чейин толугу менен төлөнүүгө тийиш.
3.3. Ижарага болгон акыны жеңилдетүү боюнча Манас шаарынын жергиликтүү кеңешинин жана Манас шаарынын мэриясы тарабынан берилген сунушу аркылуу гана өзгөртүлөт.
3.4. Ижара акысына төмөнкү чыгымдар кириши мүмкүн: • Электр энергиясын колдонуу; • Убакыттык кызматкерлерди тартуу (эгер зарыл болсо); • Тазалык жана техникалык тейлөө.
4. Жоопкерчилик
4.1. Ижара алуучу жыйындар залынын жана анын ичиндеги мүлктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
4.2. Иш-чаранын жүрүшүндө залга же имаратка келтирилген зыян ижара алуучу тарабынан толук көлөмдө орду толтурулат.
4.3. Коопсуздук жана тартип бузуу фактылары аныкталган учурда, башкармалык ижара келишимин токтотууга жана жоопкерчилик чараларын көрүүгө укуктуу.
5. Баш тартуу жана чектөөлөр
5.1. Муниципалдык мүлк башкармалыгы төмөнкү учурларда жыйындар залын ижарага берүүдөн баш тартат: • Эгерде иш-чара коомдук коопсуздукка, коомдук тартипке коркунуч жаратса; • Иш-чара мыйзамсыз мүнөздө болсо; • Арызда так эмес же жалган маалыматтар көрсөтүлгөн болсо; • Жыйындар залы буга чейин башка иш-чара үчүн брондолгон болсо. 5.2. Муниципалдык мүлк башкармалыгы ижара берүү чечимин негиздеп, жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
6. Жобону бекитүү жана колдонууга киргизүү
6.1. Бул Жобо Манас шаарынын мэриясы тарабынан сунушталып, шаардык кеңеш тарабынан бекитилет жана расмий күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат.
6.2. Жобонун аткарылышын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын тийиштүү бөлүмү көзөмөлдөйт.