Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №4
“Манас шаарында каттоочу муниципалдык автобустардын
калкка көрсөтүүчү кызмат акысы жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна жана 34-беренесинин 111 -пунктуна ылайык, “Транспорт жөнүндө” мыйзамынын 8- беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 18.11.2025-жылдагы чыг.№01- 18/7337 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын аймагында каттоочу муниципалдык автобустарда жүрүүнүн акысы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Накталай эмес картасы менен төлөм жүргүзгөндө, жол кире акысынан 3 сом өлчөмүндө арзандатылсын.
3. Манас шаарында каттоочу муниципалдык автобустардын жол кире акысы жогорулагандыгы жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун негизинде ишмердүүлүк жүргүзүү жагы Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасынын жетекчисине (А.Максутов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланып, 2026-жылдын 1-январь айынан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |