Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №5
“Манас шаарынын муниципалдык менчигиндеги компьютерлерди
мекеме иш каналарга өткөрүп берүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Манас шаарынын мэриясынын 03.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/6872 жана 04.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/7731 сандуу каттарды Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын муниципалдык менчигиндеги компьютерлерди 1-тиркемеге
ылайык өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) мүлктөрдү өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде ишмердүүлүк жүргүзүү жагы Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасынын жетекчисине (А.Максутов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |