Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №6
“Манас шаарынын аймагында жайгашкан футбол
уюмдары (академиялар, спорттук базалар, футболдук клубдар)
үчүн коммуналдык төлөмдөргө жеңилдик берүү жөнүндө”
Манас шаарынын мэриясынын 10.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/7056 сандуу катын Манас шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын аймагында жайгашкан футбол уюмдары (академиялар, спорттук базалар, футболдук клубдар) үчүн 2026-жылдын 1-январынан тартып таштандыны ташып чыгаруу жана ичүүчү сууга болгон коммуналдык төлөмдөргө 50% өлчөмүндө жеңилдик берүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемесинин жетекчисине (Б.Эргешов) жана “Манас шаарынын мэриясынын Сууканал башкармалыгы” мекемесинин жетекчисине (Тыныбек у З.) ушул токтомду эске алуу менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |