Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №7
“Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу
жана өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-19-беренелерине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 29.10.2025- жылдагы чыг.№01-18/6798 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 04.12.2025- жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Эркиндик көчөсүнүн №85 дарегинде жайгашкан №5 батирди муниципалдык менчикке кабыл алып, Манас шаардык хатибиятка өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мүлктөрдү өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |