Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №8
“Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкени өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 30.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6819 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 04.12.2025-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан (идентификациялык коду 3-10-06-1003-2479) 350,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкени өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |