Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №9
“Манас шаарындагы мүлктөрдү муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 28.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/7566, 02.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/7636, 07.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/7048 сандуу каттары, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 04.12.2025-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын Б.Эркинбаев 52 дарегиндеги мурунку “Жалалабадстоматология” ачык акционердик коомуна таандык 2595,00 чарчы метр жер тилкесин имараты менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын Б.Эркинбаев 52 дарегиндеги 2595,00 чарчы метр жер тилкесин имараты менен муниципалдык менчикке кабыл алгандан кийин, “Жалал-Абад облустук стоматологиялык поликлинкасы” мекемесине оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Манас шаарынын Д.Малашев көчөсүнүн 51-н дарегинде жайгашкан “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомуна таандык жалпы аянты 880,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-01-0017-2181) жер тилкеге курулган “Асман Резиденс-№1, №8” турак жайынын отканасын жер тилкеси менен Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
4. Манас шаарынын Б.Алыкулов көчөсүнүн №82 дарегинде жайгашкан И.Халдаровго таандык 45,65 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
5. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов), Манас шаарынын мжриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мүлктөрдү өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |