Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №11
“Манас шаарындагы муниципалдык трансформаторлорду Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 11.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/7367, 27.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/7541 сандуу каттары, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 04.12.2025-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарындагы №1, №3, №6, №8, №11, №14, №18, №23, №25 жалпы орто билим берүүчү мектептеринде жана №9, №12, №16, №18, №20, №23, №27 мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги муниципалдык трансформаторлорду Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэриясына караштуу Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин балансында турган төмөндөгү трансформаторлорду НЭС “Кыргызстан” ААК ЖПЭС филиалына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
1) Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан КТП-№642, КТП-№668;
2) Пушкин көчөсүндө жайгашкан КТП-№639;
3) Островский көчөсүндө жайгашкан КТП-№641;
4) Токтогул көчөсүндө жайгашкан КТП-№762;
5) Манас көчөсүндө жайгашкан КТП-№637.
3. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) Электр жабдууларды Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин. 4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |