Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XX сессиясынын
2025-жылдын 08-декабры №12
“Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык имараттарын оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө”
Манас шаарынын мэриясынын 28.11.2025-жылдагы №01-18/7601 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 04.12.2025-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги төмөндөгү имараттарды оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
1) Спорттук чакан көчөсүндө жайгашкан көркөм сүрөт жатак мектебинин жаӊы имаратын Т.Сыдыков атындагы көркөм сүрөт жатак мектебине;
2) Манас шаарынын С.Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейинин жаӊы курулган 3 кабаттуу имаратын Манас шаардык билим берүү бөлүмүнө;
3) Манас шаарындагы жаӊы курулган “Бокс академиясын” Р.Санатбаев атындагы №3 олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебине.
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) мүлктөрдү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Маманов К.Т. |