БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын
2023-жылдын 24-августундагы № 45
Баткен шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 101 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 102-беренесинин, 3-пунктуна жана шаардын коомдук угуусунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору 156128,0 миң сомго бекитилсин.
2. 2024-жылга долбоорлонгон шаардык жергиликтүү бюджет шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Мадымаровго/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |